ВЕНГР ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– венгрлердин тили, Венгр Эл Респ-нын мамл. тили. Финн-угор тилдеринин угор тобуна кирет. Венгриядан башка Румыния, Чехия, Словакия, Сербия м-н Черногория, Хорватия, Словения ж. б. өлкөлөрдүн айрым райондоруна тараган. В. т. 8 диалектиге бөлүнөт. Байыркы жазма эстеликтери 12-к-га таандык.