ГАЛАКТИКА КООРДИНАТАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛА́КТИКА КООРДИНАТАЛАРЫ – негизги тегиздиги Галактиканын борбору аркылуу өткөн ж-а Саманчы жолунун тегиздиги м-н дал келген координата системасы. Бул тегиздик асман сферасын галактика экваторунун сызыгы боюнча кесип өтөт; координаталары: Г а л а к т и к а у з у н д у г у l – галактика экваторунун түндүк тарабынан караганда (0°тан 360°ка чейин) галактика борборуна карай саат жебесине каршы багытталган жаа; г а л а к т и к а к е ӊ д и г и b – галактика кеӊдигинин галактика экваторунан жарык чыгаруучуга чейинки (0°тан 90°ка чейин) тегерегинин жаасы. Галактика координаталары Жылдыз астрономиясында галактика кеӊдигин ж-а узундугун аныктоодо колдонулат.