ГАЛДАН БОШОКТУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛДАН БОШОКТУ (болжол м-н 1645 – 13.3.1697) – Жуӊгар ханы (1671–97). Эрдене Баатыр коӊтаажынын Умагач деген аялынан туулган. 1671-жылга чейин Тибеттеги лама монастырында кутукты (кечилдик наам) кызматын аткарып жүргөн. Бир тууганы Сеӊге өлгөндөн кийин (1670) анын ордун ээлеген. Бийликке келери м-н өз кызыкчылыгы үчүн такка отурууга укугу бар туугандарын өлтүртө баштаган. Биринчилерден болуп бир тууганы Соно Рабтан, кийин Баатыр тайчи м-н Чечен (Цецен) тайчи өлтүрүлгөн. Сеӊгенин баласы Араптан (Цеван Раптан, Цеган Раптан) Чыгыш Түркстанга качууга аргасыз болгон. Алгачкы учурда Галдан Бошокту хошоуттардын ханы Очирту-Чечен-хандын кызы Ануга үйлөнүп, анын колдоосуна ээ болот. 1677-жылы кайнатасы Очирту-Чечен-хандын өзүн талкалап, бүт Жунгарияга хан болгон. 1678-жылы анын аскер башчысы Раптан Сайрамды алып, шаар күм-жам талкаланган. Кийин кайнатасын өлтүрүп, Чыгыш Түркстанды каратып (1678), Далай-ламанын колунан «бошокту» («бейпил», «берекелүү») деген наам алган (1679). 17-кылымдын 80-жылдарынын башында Галдан Бошоктунун аскери кыргыздарга ж-а Фергана м-н Сайрамга бир нече жолу чоӊ жүрүш жасаган. Кыргыздардын акыркы жолу Ысар (Гиссар), Гөлөп (Куляб), Анжиянга сүрүлүшү ушул учурларга туш келет. 80-жылдардын аягында Халхада чыккан көтөрүлүштү басуу үчүн 40 миӊ кол м-н аттанган. Халха ханы Түшөт (Тушету) хан жардам сурап, Цин императоруна кайрылган. Галдан Бошоктунун аскери м-н Цин армиясынын негизги беттешүүлөрүнүн бири 1690-жылы 21-июлда Ологой көлүнүн жээгинде өткөн. Күчтөрдүн бирдей болгонуна карабай, манжурлар (Цин) жеӊилип, артка чегинишкен. Ошол эле жылдын 1–2 августундагы Улан-Бутундагы салгылашуу эки жакка теӊ жеӊиш алып келген эмес. 1695–96-жылдары өз аскери м-н Монголия аймагына кирип барып, Цин аскеринин курчоосунда калган. Алардын колунан жеӊилип, 1697-жылдын 13-мартында уу ичип өлгөн. Өлүгү өрттөлүп, күлү Пекиндин дарбазаларынын бирине илинген. Жунгар хандыгынын тарыхында Галдан Бошокту эӊ көрүнүктүү орундардын бирин ээлейт. Анын тушунда өнүккөн көп өлкөлөр бул хандык м-н эсептешип турууга аргасыз болушкан жана ал хандыктын чек арасы кеӊейип, чыгышы Халхага, батышы азыркы Кыргызстанга (Чүй–Талас сууларына) чейин жеткен. Алгачкы жолу өз тыйынын чыгарган. Атасы кабыл алган мыйзамдарга (Цааджин бичиг) толуктоолорду киргизген.


Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-изд. М., 1983; Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950. Т. 1; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001.
Э. Турганбаев.