ГАЛЕНИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:32, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛЕНИ́Т (лат. galena – коргошун кенташы), к о р г о ш у н ж а л т ы р а г ы – коргошун сульфиди, минерал. Химиялык формуласы – PbS. Куб сингониясында кристаллданат. Өӊү боз, металлдай жаркырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2–3; тыгыздыгы 7,4–7,6 г/см3. Гидротерм ж-а метасоматоз жолу м-н пайда болот. Галенит – коргошун алынуучу негизги кенташ.