ВЕЗЛЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:37, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕЗЛЕ́ – Франциядагы шаар. Бургундияда, Йонна департаментинде. Калкы 0,5 миӊдей (2006). 858–859-жылдары негизделген. IX–XI кылымдарда Ыйык Магдалинага зыярат кылуучу жайга айланган. Орто кылымдагы дубал (XII кылым) менен дарбазалардын (Порт-Нёв, XIV–XVI кылымдар) калдыктары сакталган. Шаардын борбордук бөлүгүндө Ыйык Магдалина

Ыйык Магдалина монастырь чиркөөсү.

аялдар монастыры роман чиркөөсү менен бар. Чиркөө ансамбли менен Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Везлеге жакын чиркөөлөр, археологиялык музей, сепил жайгашкан. Шаар айланасында жүзүмчүлүк өнүккөн.