ВЕНЕЦИАНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНЕЦИА́НОВ Алексей Гаврилович [7(18).2.1780, Москва – 4(16).12.1847, Тверь губерниясы, Поддубье кыштагы] – орус сүрөтчүсү; орус живописиндеги турмуштук жанрга негиз салуучулардын бири, педагог, Петербург көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1811). Алгачкы мезгилде лирикалык портреттерди, 1812-жылдагы дүйнөлүк согуш учурунда француз жана галломан дворяндарынын карикатураларын, кыштак турмушунан сценаларды, дыйкандардын

А. Г. Венецианов.
«Карта менен төлгө салуу». 1845. Орус музейи (Санкт-Петербург).

портреттерин тарткан («Кызылча тазалоо», 1822; «Помещик аялдын таӊы», 1823–1824;
«Кош айдоо. Жаз», 1820; «Орок оруу. Жай», 1820; «Карыя дыйкандын башы», 1825, жана башкалар). Венецианов өз чыгармачылыгында чындыкты чагылдырууга умтулган. Анын өнөрканаларында «түп нускалардан» көчүрүшкөн жана гипстен тартышкан. Венецианов окуучуларын академиялык класстарда бекер окуткан. 70ке жакын живописчилерди, башкача айтканда венециановчуларды тарбиялаган.