ГАЛЬВАНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:39, 13 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛЬВА́НИ Луижи (9.9.1737, Болонья – 4.12.1798, ошол эле жер) – италиялык анатом ж-а физиолог, электр ж-а электр-физиология жөнүндөгү окууларды негиздөөчү. Болонья университетинде билим алып, ошол эле жерде медицинадан сабак берген. Биринчи эмгеги салыштырма анатомияга арналган. 1771-жылы формалинделген баканын булчуӊунун электр тогунун таасиринен жыйрылууга жөндөмдүүлүгүн изилдеген. Ошондой эле металлды нервге же жүлүнгө таасир этүүдөн да булчуӊдун жыйрылышын ж-а булчуӊга эки түрдүү металлды бир мезгилде тийгизгенде да жыйрылгандыгын байкаган. Бул тажрыйбалар токтун жаӊы булагын – гальвани элементин ойлоп табууга түрткү берген. Гальванинин изилдөөлөрү медициналык практикада ж-а физиологиялык эксперимент методдорун иштеп чыгууда мааниси чоӊ болгон.