ГАМБИЯ дарыясы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 13 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГАМБИЯ 1 to ГАМБИЯ дарыясы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́МБИЯ – Батыш Африкадагы дарыя. Гвинея, Сенегал ж-а Гамбия өлкөлөрү аркылуу агат. Узундугу 1200 км, алабынын аянты 180 миӊ км2. Фута-Жаллон платосунан башталып, Атлантика океанына куярда эстуарийди пайда кылат. Суусунун орточо чыгымы 2000 м3/секдай. Деӊиз кемелери чатынан 350 км аралыкка чейин жетет. Чатында Банжул порту (Гамбия) жайгашкан.