ГАМБУРГ
ГА́МБУРГ – Германия Республикасындагы шаар. Өз алдынча административдик-аймактык бирдикти – Гамбург жерин түзөт. Эльба дарыясынын боюнда, Түндүк деӊизинен 100 км аралыкта жайгашкан. Калкы 1,9 млн (2020); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Берлинден кийинки 2-шаар. Жолдор тоому. Өлкөнүн башкы деӊиз ж-а дарыя порту. Эл аралык аэропорту бар. Эльба-Траве каналы аркылуу Балтика деӊизиндеги Любек порту м-н байланышат. Ири өнөр жай, соода, финансы ж-а маданий очок. Кеме ж-а авиа куруу, электр-техника, нефть ажыратуу, химия, жеӊил, тамак-аш – татымал, түстүү металлургия, кино өнөр жайы, метрополитен, университет, ядро изилдөө институту, Мамлекеттик опера театры иштейт. Гамбургдагы суу астындагы тоннел аркылуу Стокгольм – Лиссабон автострадасы өтөт. Альтон (Түндүк Германиянын маданияты ж-а тарыхы), этнография, Кунстхалле, искусство ж-а

кол өнөрчүлүк музейлери, скульптор ж-а жазуучу Эрнст Барлахтын үйү бар. 9-кылымда Улуу Карл тарабынан чеп катары негизделген. Орто кылымда ганзалардын башкы шаары болгон. 1510-жылдан эркин империя, 1815–1933-жылдары эркин шаар. Кыштан салынган готика стилиндеги Ыйык Пётр (11-кылым), Ыйык Екатерина (14–15-кылымдар), Ыйык Иаков (14-кылым) чиркөөлөрү сакталган. Гамбург 17-кылымдан музыкалык маданияттын ири борбору. 1975-жылдан «Балет күндөрү», 1985-жылдан кыска метраждуу фильмдердин фестивалдары болуп турат. 1974-, 2006-жылдары футбол боюнча дүйнөнүн чемпионаты өткөрүлгөн. Гамбург – жашыл шаар (шаардын аймагынын 40%тен ашыгын бакча, парк, аянттар, токой ээлейт). «Плантен унд блумен» паркы (рекреация объектиси) шаардын түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Көпүрөлөрдүн саны боюнча (2200дөн ашык) дүйнөдөгү шаарлардын ичинен алдыӊкы орунду ээлейт. Балык базары (порттун аймагында), Хагенбек зоопаркы (1907) иштейт. Немистин улуу композиторлору И. Брамс ж-а Я. Мендельсон ушул шаарда төрөлгөн.