ГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:04, 13 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАН Пётр Алексеевич [1916, Крым, Алупка – 1991, Фрунзе (азыркы Бишкек)] – биология илимдеринин доктору (1966), профессор (1968). КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1990). Красноярский токой-техникалык институтун бүтүргөн (1941). Өзгөн токой чарбасында директор, Кыргыз ССР ИАнын Биология институтунда директордун орун басары, токой бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Токой чарбасы боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, анын ичинен 4 монографиясы жарык көргөн.


Эмг.: Опыт горного лесоразведения, интродукция в поясе еловых лесов Прииссыккулья. Ф., 1957; Леса Киргизии//Леса СССР. М., 1970.