ГАНДЕМИАН КЕЛИШИМИ (1873)
ГАНДЕМИАН КЕЛИШИМИ (1873) – Россия империясы м-н Хива хандыгынын ортосунда түзүлгөн келишим. 1873-жылы жазында орус аскерлери Хиваны ээлегенден кийин, Хиванын жанындагы Гандемиан кыштагында 1873-жылы 12-августта түзүлгөн. Гандемиан келишими боюнча Аму-Дарыянын оӊ жээгиндеги жерлер Россиянын карамагына өтүп, Түркстан генерал-губернаторлугуна кошулган. Россия Аму-Дарыяда кеме жүргүзүүгө укук алган. Хандыктын аймагында кулчулук жоюлду деп жарыяланган. Келишимдин натыйжасында, Хива хандыгы Россия империясынын жарым колониясына айланып, өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү укугунан ажыраган.