ГАННОВЕРЛЕР ДИНАСТИЯСЫ
ГАННОВЕРЛЕР ДИНАСТИЯСЫ – 1714–1901-жылдары башкарган англиялык королдор династиясы. Стюарттар династиясынан кийин бийликке келген. Ганноверлер династиясынын өкүлдөрү: Георг I (1714–27-жылдары башкарган), Георг II (1727–60), Георг III (1760–1820), Георг IV (1820–30), Вильгельм IV (1830–37), Виктория (1837–1901). Германдык Саксен-Кобург-Гот герцогдорунун өкүлү – принц-консорт Альберт м-н Викториянын уулу Эдуард VII Саксен-Кобург-Гот династиясынын (1917-жылдан Виндзорлор династиясы) алгачкы башкаруучусу болуп калган.