ГАПЕШИН
ГАПЕ́ШИН Александр Сергеевич (9.3.1904, Ташкен – 26.12.1954, Фрунзе) – геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1953). Орто Азия политехника институтунун геология-чалгындоо факультетин бүтүргөн (1931). Кыргыз ССР геология башкармалыгында бөлүм ж-а геологиялык чалгындоо партиясынын башчысы (1938–54). Урандын Кыргызстандагы ири кендеринин бирин чалгындоо жумуштарына активдүү катышкан ж-а ага жетекчилик кылган. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.