ГАРЕЕВ Энвер Закизьянович
ГАРЕЕВ Энвер Закизьянович (10.1.1910, Татар АССРи, Сарман району, Чураш кыштагы – 2.5.1974, Фрунзе) – биология илимдеринин доктору (1957), Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1964). Краснодар айыл чарба институтун бүтүргөн (1936). Кыргыз республикалык жашылча-жемиш

станциясында кенже илимий кызматкер (1936) жана директору (1945). Кыргыз ССР ИАнын Ботаника багынын директору (1946–74). Мөмө бактарынын физиологиясы ж-а селекциясы боюнча адис. 100дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. КР УИАнын Ботаника багына ысмы берилген.
Эмг.:Агротехнические рекомендации по плодовоягодным культурам и винограду для Киргизской ССР. Ф., 1959; Багбанчылыктын негиздери. Ф., 1968; Особенности образования цветочных почек у яблони. Ф., 1970.