ГАРЕЕВ КҮЗДҮГҮ
ГАРЕЕВ КҮЗДҮГҮ – алма сорту. Курск ренети м-н боровинка алма сортторун кыйыштыруудан алынган. Анча бийик эмес, сейрек бутактуу, жыш мөмөлөйт. Суукка байымдуу, 4–5 жылдык дарагы мол түшүм бере баштайт. Температуранын тез өзгөрүшү ага көп таасир этпейт. Мөмөсү тоголок же сүйрү, орточо салмагы 120 г, саргыч, мала кызыл, ширелү, даамдуу. Сентябрдын башында бышат, ноябрдын ортосуна чейин сакталат. Гареев күздүгү КР ИАнын Ботаника багында чыгарылып, Э. З. Гареевдин атынан аталган.