ГАРНИЗОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 15 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРНИЗО́Н (фр. garnison, garnir – жабдуу, куралдандыруу деген сөздөн) – 1) калк жашаган пунктта же чек арасы белгиленген райондо туруктуу же убактылуу жайгашкан аскер бөлүктөрү, аскер окуу жайлары ж-а мекемелер. Алар аскер кызматынын маселелери боюнча бирдиктүү командачылыкка баш иет. 2) бекемделген райондо же башка өзүнчө коргонуу курулмасында жайгашкан аскерлер (бөлүктөр, бөлүкчөлөр). Кыргызстанда Гарнизон башчысы коргоо министринин буйругу м-н дайындалат.