ГАРТЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 15 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́РТЛИ, Х а р т л и (Hartley) Дейвид (30.8.1705, Армли – 28.8.1757, Бат) – англиялык ойчул, ассоциячыл психологияны негиздөөчүлөрдүн бири. Адамдардын жүрүм-турумдарын башкаруу үчүн психикалык процесстердин так законун табуу үчүн Ньютондун физикалык принциптерин колдонууга аракеттенген. Гартлинин ырастоосу боюнча эфирдин тышкы чөйрөсүнүн термелүүсү адамдын сезим органдарында, мээсинде ж-а булчуӊдарында да тийиштүү термелүүлөрдү пайда кылат. Ал эми булар (туюмдар, мээ, булчуӊдар) психикалык кубулуштар м-н жанаша жарыш (параллель) катар байланышта турат. Термелүү тартиби, тездиги, багыты мээде кандайдыр бир руханий табияты бар сезимдерди ж-а идеяларды жаратат. Гартлинин окуусу механикалык түрдө түшүндүрүлгөнүнө карабастан, психиканын маӊызын ачууда алдыга карай олуттуу кадам болгон, этика, эстетика, логика, биология ж-а педагогика илимдеринин андан ары өнүгүшүнө зор таасир эткен.