ГАУДИ
ГА́УДИ́ (Гауди-и-Корнет) Антонио (26. 6. 1852, Таррагона провинциясы, Реус – 10. 6. 1926, Барселона) – испан архитектору. 1868-жылдан Барселонада жашаган. Архитектуранын жогорку техникалык мектебинде окуган. Гауди курулуштарда (Саграда-Фамилия чиркөөсү, 1884–1926) архитектуралык формалардын кооздугуна ж-а таасирдүүлүгүнө жетишкен. Гуэль паркындагы курулмалар ан-

көрүнүшү. 1904–06.
самбли (1903–08), «модерн» стилиндеги үйлөр (Каса Батльо, 1904–06; Каса Мила, 1905–10) жаӊычыл конструкциялуу курулуштары (параболалык аркалар, жантык таянычтар, оӊтойлуу своддор) м-н укмуштуудай чоң таасир калтырган.