ГАФУР ГУЛЯМ
ГАФУР ГУЛАМ (өз аты-жөнү – Гафур Гуламович Гуламов [27. 4 (10. 5). 1903, Ташкент – 10. 7. 1966, ошол эле жер) – акын, публицист, котормочу, Өзбек ССР эл акыны (1963), Өзбек ССР ИАнын академиги (1943). СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946). Мугалимдер курсун бүтүрүп, бир нече жыл мугалим болуп иштеген. «Зурна» деген ыры «Маориф ва укитучи» («Агартуу жана мугалим») журналына жарыялангандан (1923) баштап адабиятка аралаша баштаган. «Чыгыштан баратам» (1943), «Туулган жер бактысы» (1951), «Ленин жана Чыгыш» (1961) ж. б. ыр жыйнактарында өзбек элинин турмушун сүрөттөгөн. А. Пушкин, М. Лермонтов, В. Маяковский ж. б. акындардын ырларын өзбек тилине которгон. Өзбек адабиятытынын тарыхын ж-а фольклорун изилдөөгө чоӊ салым кошкон. Өзбек ССР Жогорку Советинин депутаты (1945–51).
Чыг.: Асарлар. 1–5 т., Тошкент. 1964–67; Ырлар. Ф., 1955; Избранное. Стихи. М., 1958.
Ад.: Якубов Х., Гафур Гулям. Жизнь и творчество. Т., 1959.