ГАФУРОВ Абуталиб Гафурович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:01, 15 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГАФУРОВ 1 to ГАФУРОВ Абуталиб Гафурович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАФУРОВ Абуталиб Гафурович (21. 11. 1882, Дагестан, Шуни айылы – 1975, ошол эле жер) – лак акыны, Дагестан эл акыны (1939). Лак ыр түзүлүшүнө уйкаштыкты, сегиз муундуу ыр өлчөмүн киргизген, ыр аралаш проза жанрын түзгөн. Граждандык согушта партизан отрядында музыкант ж-а жоокер болгон. Алгачкы ырлары «Революциянын кадамдары» (1932) альманахында жарыяланган. «Жаӊы дүйнө» жыйнагы (1934) чыккан. Элдин эмгектеги баатырдыгын, лак дыйкандарынын турмушун («Каалоо», «Тоолор», «Кули айылы») сүрөттөгөн ырлардын, кыска аӊгеме-миниатюралардын, «Экинчи өмүр» (1970), «Абуталиб айтты...» (1975) аттуу ыр жыйнактарынын автору. Дагестан АССР Жогорку Советинин (бир нече шайланышынын) депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы ж. б. ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.