ГВАДАЛКВИВИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:21, 15 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГВАДАЛКВИВИ́Р – Испаниянын түштүгүндөгү дарыя. Узундугу 560 км, алабынын аянты 57 миӊ км2. Андалусия тоолорунан башталып, Андалусия ойдуӊу аркылуу акканда салааларга бөлүнүп, Атлантика океанынын Кадис булуӊуна куярда эстуарийди пайда кылат. Февраль – март айларында кирет. Орточо чыгымы 164 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Төмөнкү агымында кеме жүрөт. ГЭСтер курулган. Боюнда Кордова, Севилья шаарлары жайгашкан.