ГАНДИ Мохандас Карамчанд

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:45, 15 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАНДИ́НДИ Мохандас Карамчанд (2. 10. 1869, Индия, Порбандар – 30. 1. 1948, Индия, Дели) – индиялык саясий жана мамлекеттик ишмер; Индиянын улуттук-боштондук кыймылын баштагандардын бири, гандизм

идеологиясын негиздөөчүсү. 1887–1891-жылдары Англияда юридикалык билим алып, 1893-жылга чейин Бомбейде адвокат болуп иштейт. 1893–1914-жылдары Түштүк Африкадагы Гуджарат (Индия) соода фирмасында юрист-консульт болуп жүргөн мезгилде расалык дискриминацияга жана кодулоого каршы индиялыктардын күрөшүн жетектеген. Күч колдонбой каршылык көрсөтүү тактикасын (сатьяграханы) иштеп чыккан. 1915-жылы январда Индияга келип, Индиянын Улуттук конгресс (ИУК) партиясы менен байланышат да, көп узабай анын идеялык башчысы болот. Гандинин жетекчилиги менен Индия улуттук конгресси эл ичинде барктуу антиимпериалисттик уюмга айланат. Ганди Индиянын улуттук боштондугу, өзүнчөлүгү үчүн күрөшкө бүт өмүрүн жумшаган. «Бөлүп алып, башкара бер» деген империялык саясаттын ар кандай көрүнүштөрүнө, индус жана мусулман жаӊжалдарына, касталардын сакталып калышына чечкиндүү каршы чыккан; өлкөдө диний негиздеги чыр-чатактардын чыгышына жол бербөөгө көп күч жумшаган; англиялык колониячыларга каршы тынч демонстрациялар өткөрүү, чет өлкөлүк товарларга бойкот жарыялоо, салык төлөөдөн баш тартуу сыяктуу күрөш чаралары менен элди улуттук-боштондук кыймылга тарткан. Нечен жолу камакка алынып, түрмөдө олтурган (1922–1924, 1930–1931, 1942–1944). Г. Рабиндранат Тагор тарабынан Махатма – «руху улуу» деп аталган. Ал көптөгөн индиялык саясатчылар менен Индия улуттук конгрессинин лидерлери үчүн рухий устат – гуруга айланган. Ганди 1948-жылы 30-январда индиялык шовинисттик уюмдун мүчөсү колдуу болуп өлгөн.


Чыг.: Моя жизнь/Пер. с англ. М., 1959.
Ад.: Комаров Э. Н., Литман А. Д. Мировозрение Мохандаса Карамчанда Ганди. М., 1969.