ГВИНЕЯ БУЛУӉУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 16 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГВИНЕ́Я БУЛУӉУ Атлантика океанынында, Экватордук Африканын жээгинде, Пальмас тумшугунан (Либерия) Лопес тумшугуна (Габон) чейин созулат. Аянты 753 миӊ км2. Тереӊдиги 5207 м. Биафра ж-а Бенин булуӊдарына бөлүнөт. Аралдары (Биоко, Принсипи, Сан-Томе ж. б.) көп. Вольта, Веме, Нигер дарыялары куят. Суткасына эки жолу ташкындайт (2,7 мге чейин). Негизги порттору: Тема, Аккра, Такоради (Гана), Ломе (Того), Лагос (Нигерия), Либревиль (Габон).