ГДАНЬСК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:56, 16 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГДАНЬСК – Польшадагы шаар. Балтика деӊизинин жээгинде, Висла дарыясынын боюнда жайгашкан. Гданьск воеводдугунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 582,2 миӊ (2017). Өлкөнүн ири порту (жылына 20 млн т дай жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. Кеме куруу, электр-техника, химия, нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, деӊиз музейи, театрлар (опера, драма) иштейт. 14–15-кылымдардын шаар чептери ж-а порт курулмаларынын калдыктары, Дева Мария костёлу (14–16-кылымдардын аягы), башкы ратуша (14–16-кылымдар), арсенал (17-кылымдын башы), ренессанс ж-а барокко стилинде курулган үйлөр сакталган. Алгач 10-кылымдын аягынан эскерилет. 10–13-кылымдарда Чыгыш-Поморье княздыгынын борбору. 1793–1918-жылдарда Германияга баш ийип турган (Данциг деп аташкан). Версаль тынчтык келишими (1919) боюнча «Эркин шаар» статусун алып, Улуттар лигасынын башкаруусунда болгон.