ГЕДЕНБЕРГИТ
ГЕДЕНБЕРГИ́Т (швед минералогу Л. Геденбергдин ысымынан) – пироксендер тобундагы минерал. Химиялык формуласы СаFe2+(Si2O6). Моноклин сингониясында
кристаллданат. Өӊү кочкул жашыл, айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5–6. Салыштырма

салмагы 3,6. Магнетиттин контакттык кендеринде ж-а акиташ тектеринен пайда болгон скарндарда кездешет.