ГЕДОНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 16 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕДОНИ́ЗМ (гр. hedone – ыракат, жыргал) – ыракатты адамдын жүрүм-турумунун жогорку максаты ж-а негизги жүйөөсү катары көрсөтүүчү этикалык багыт. Ыракатка умтулууну Гедонизм адамдардын жүрүм-турумдарындагы негизги кыймылдаткыч күч деп эсептейт. Анткени андай аракеттер адамдарга жаратылыш тарабынан берилгендиктен, бардык кыймылдардын, иштердин баары күн мурунтан, алдын ала белгилеген болуп чыгат. Жакшылыкка умтулуунун себеби – адам ар кандай азап чегүүдөн кутулуп ыракат алууга далалаттанат, ал эми жамандыкта жапа чегип, мээнет тартып азаптанат. Гедонизмди байыркы Грекияда киреналык Аристипп негиздеген (ошол себептен аны «киреналыктардын философиясы» деп аташкан). Гедонизмдин эӊ өнүккөн формасы Эпикурдун окуусунда чагылдырылган. Гедонисттердин айтуусу боюнча изгилик, кайрымдуулук – бул ыракаттанууга жөндөмдүүлүк. Бирок билимдүү, көрөгөч-көсөм, асыл ойлуу акылман адам гана туура ыракаттана алат. Байыркы гедонисттер шайыр мүнөздүү адамдар м-н баарлашууну, же болбосо, нааразылык м-н кеселден тышкары болууну жогорку ыракат деп санашкан. Гельвеций, Ламетри гедонист болушкан.