ГЕКЛА
ГЕ́КЛА, Х е к л а – Исландиянын түштүк-батыш бөлүгүндөгү аракеттеги жанар тоо. Жарака тибиндеги жанар тоолорго кирет. Бийиктиги 1491 м. Андезит ж-а базальт лаваларынан турат. Акыркы 700 жыл ичинде 20дан ашык алаамат атылуулар болгон; 1766- ж-а 1947–48-жылдарда өтө катуу атылган, кийинки атылуусу 1980-жылы болгон.