БАЯНДООЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:55, 20 Август (Баш оона) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЯНДООЧ – грамматикалык жактан сүйлөмдүн ээсине баш ийип, анын кыймыл-аракетин, абалын, сыпатын, мүнөзүн, санын, ким, эмне экендигин билдирүүчү баш мүчө. Баяндооч ээге баш ийип, аны жак, сан боюнча ээрчип айтылат, предикативдик катышты түзөт. Тутумуна карай жөнөкөй, тутумдаш баяндооч болуп бөлүнөт. Баяндоочтун милдетин, негизинен, этиш жана атооч сөз түркүмдөрү аткарат.