БАӉГИЛИК
БАӉГИЛИК , н а р к о м а н и я – наркотиктерди (банги заттарды) жана наркотиктик таасири бар заттарды чегүү же ичүүдөн келип чыккан өнөкөт оору. Баңгилик адамды наркотикти дайыма талап кылуу абалына жеткирип, ден соолукту бузуп, социалдык деградацияга дуушарлантат. Башты айлантып, мас кылып, магдыратуучу касиети бар (апийим, кокаин, нашаа, марихуана, алкоголь, морфий, бром) заттар наркотикке кирет. Көбүнчө жүрүм-туруму бошоӊ, бекерпоз өспүрүмдөр, психикалык жактан туруктуу эмес, өзүмчүл, оома адамдар дуушар болот. Наркотикке психикалык муктаждык калыптанып, ансыз алар эч нерсеге канааттанбай, «бир нерсе жетпегенсип» турат. Ооруксунуудан, жагымсыз сезимден кутулуу, уйку келтирүү үчүн аны кабыл алышат. Бул мезгил наркотиктин түрүнө жана күчүнө жараша бир нече жумадан 1–2 жылга созулат. Акырында ансыз жашай албай калышат. Керектелүүчү наркотиктин өлчөмү арбый берет. Ошентип, ага психикалык ынтызарлык калыптанып, өнөкөткө айланат. Аны кабыл алган сайын организмге таасири басаӊдайт, ошондуктан улам дозасын көбөйтүп кабыл алат. Соо кезиндеги жагымсыз абал (тынчы кетүү, көӊүл чөгүү, наркотикти кантип табууну ойлонуу ж. б.) жоголгондуктан, жагымдуу сезим пайда болгонсуйт. Бул абалдан чыгуу үчүн өзүн кемсинтүүгө, калп айтууга, ууру кылуу ж. б. кылмыштарга барат. Эгерде бир суткадан ашык наркотик кабыл албай калса, абстиненттик синдром (өмүргө коркунучтуу өтө оор психикалык бузулуу жана алы кетүү) пайда болот (к. Абстиненция). Башы ооруп, шайы кетет, кара терге түшүп, уйкусу качат, окшуйт, өӊү кубарып, кыжырланат, себепсиз коркот. Мындай абалда адам өзүн өзү өлтүрүшү да мүмкүн. Бул мезгилде тырышуу, акыл-эстен ажыроо, галлюцинация, жөөлүү ж.б. болот. Организмдин бардык системаларынын иши начарлайт, кан басымы көтөрүлөт, жүрөктүн кагышы тездейт, булчуӊдар ооруйт, түйүлөт, тамак сиӊирүү органдары бузулат. Бара-бара организми ууккан адам аябай арыктап, наркотиктин залдарынан түрдүү ооруларга чалдыгат. Ошол оорунун кесепетинен жана наркотик денесине ашкере сиӊгендиктен өлүмгө учурайт. Коом баңгиликтин таралашына каршы күрөшөт, ага жол бербейт. Наркотикти сатуу, таркатуу, уюшуп кабыл алуу, уурдоо, врачтын уруксатысыз колдонуу мыйзамсыз деп каралып, оор кылмыш катары жазаланат. Баңгилик адамдын ден соолугуна гана эмес, тукумуна да зыян келтирет, балдары чабал, майып төрөлөт, үй-бүлөсүнө, айлана-чөйрөсүнө жаман таасир тийгизет. Баӊгилерди атайын психиатриялык ооруканада гана такай байкоо жүргүзүп, тыкан текшерип дарылоо керек.