ГЕВАРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 20 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕВА́РА, Гевара де ла Серна Эрнесто (Че) (14.6.1928, Аргентина, Росарио – 9.10.1967, Боливия, Игерас) – латын америкалык революционер, Кубанын мамлекеттик, саясий ишмери. Билими боюнча – врач. 1950-жылдардын аягында Ф. Кастро менен бирдикте Куба революциясына жигердүү катышкан. 1959–1961-жылдары Кубанын Улуттук банкынын төрагасы, 1961-жылдан улуттук өнөр жай министри. 1965-жылы ээлеген кызматтарын калтырып, Латын Америка өлкөлөрүнүн элдеринин революциялык кыймылына катышуу үчүн Кубадан Боливияга келген. 1966–1967-жылдары Боливияда партизандык кыймылды жетектеген. Туткунга алынып, өлтүрүлгөн. Өзүнүн партизандык согушту жүргүзүү боюнча иштеп чыккан теориясынын аркасында «үчүнчү дүйнө» өлкөлөрүнүн көптөгөн

революционерлери үчүн идеалга айланган.