ГЕЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 21 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЛДЕР (лат. gelo – муздоо) – кээ бир касиеттери катуу заттарга окшош килкилдек сымал колоиддик системалар. Гелдер коллоиддик эритмелердеги золдордун коагуляцияланышынан ж-а заттар суюктукта көпкөн убакта (желатиндин – сууда, каучуктун – бензинде ж. б. көбүшү) пайда болот. Ал механикалык ж-а жылуулуктун таасиринен оӊой ж-а кайра калыбына келүүчү бузулууга дуушарланат. Суу дисперсиялык чөйрөдөгү Гелдер – гидрогелдер, углеводород чөйрөдөгүсү органогелдер деп аталат. Алар лиофобдуу ж-а лиофилдүү болуп бөлүнөт. Лиофобдуу Гелдердин дисперсиялык чөйрөсүн жок кылса (мисалы, буулантса), катуу былпылдак тибиндеги көп сандаган майда тешиктүү структураны берет. Аларга кайра эриткич таасир эткенде золь пайда болбойт. Лиофилдүү Гелдердин чөйрөсүн жоготсо, улам көлөмү кичирейип, тыгыз бириккен килкилдекке, андан ары кургатса катуу аморфтуу массага (аэрогелдер) айланат. Бул процесс желатиндешүү деп аталат.