ГЕЛЬВЕЦИЙ
ГЕЛЬВЕ́ЦИЙ (Helvetius) Клод Андриан (31. 1.1715, Париж – 26.12.1771, ошол эле жерде) – француз философу, 18-кылымдагы француз буржуазиясынын идеологу. Монтескьё, Вольтер м-н жакын болгон. Анын философиясынын негизинде адамдардын идеялары, муктаждыктары, дилгирленүүлөрү, ышкыбоздуктары, ой жүгүртүүлөрү ж-а жүрүм-турумдарынан алардын жөндөмдүүлүгү концепциялары түзүлгөн. Адамдарды жерди иштетүүгө, коомдорго биригүүгө, өз ара келишимдерди түзүүгө аргасыз кылган себеп – ачкачылык ж-а ушу сыяктуу кооптондуруучу сезимдер. Адам ишмердүүлүгүнүн жүйөөсү болуп өзүн сүйгөндүк эсептелген. Коомдук чөйрө адамды тарбиялоодо чоӊ роль ойнойт деген жыйынтык чыгарган. Адамдардын бардыгынын акыл жөндөмдүүлүгү бирдей деген идеялары утопиялык социализмдин түзүлүшүнө олуттуу таасир көрсөткөн. Гельвецийдин «Акыл жөнүндө» (1758) деген китеби ошол замандагы саясий, диний идеологияларга ж-а католик чиркөөсүнө каршы багытталгандыктан, 1759-жылы парламенттин чечими боюнча мамлекетке ж-а динге коркунуч туудурган эмгек катары отко жагылган. Гельвеций өлгөндөн кийин анын «Адам, анын акыл жөндөмдүүлүгү жана тарбиясы жөнүндө» аттуу эмгеги жарык көргөн (1772; орусча котормосу 1938).