ГАЧЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:32, 21 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЧЕВ Георгий Дмитриевич (1. 5. 1929, Москва – 23. 3. 2008, Москва) – адабиятчы, маданият таануучу, философ, филология илимдеринин доктору (1983), Россия Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү. Москва мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Дүйнөлүк адабият институтунда, Россия Илимдер академиясынын Славян таануу жана балканистика институтунда иштеген. «Адабияттын тездетилген өнүгүшү» (1964) китебинин, «Көркөм формалардын мазмундуулугу. Эпос. Лирика. Театр» (1968), «Көркөм аӊ-сезимдин жашоосу. Образдын тарыхы боюнча очерктер» (1972), «Орус көркөм маданиятындагы образ» (1981) аттуу теориялык эмгектердин автору. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча «Сүйүү, адам, доор» (1965), «Чыӊгыз Айтматов жана дүйнөлүк адабият» (1982), «Дүйнөнүн улуттук образдары» (1988) сыяктуу эмгектерди жазган. Болгар Эл Республикасынын Кирилл жана Мефодий ордендеринин (1980), Болгар Илимдер академиясынын София университетинин, Паисиа Хилем Дорский атындагы сыйлыктын ээси (1980).


Ад.: Сидоров Е. О Георгии Гачеве и его книге//Г. Гачев. Национальные образы мира. М., 1988.