ГЕ́ММА (лат. gemma – асыл таш, мөөр, басма) – оймолонуп, чиймеленген рельефтик жана оюлуп жасалган анча чоӊ эмес сүрөттүү таш (к. Камея, Инталия). Гемма байыртан белгилүү жана бүткүл көркөм сүрөт искусствосунун тарыхында кездешет. Гемманын эӊ мыкты жыйнактары Санкт-Петербургдагы Эрмитажда бар.