ГЕМОГЛОБИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 21 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕМОГЛОБИ́Н (гемо… ж-а лат. globus – тоголок) – адамдын, омурткалуу ж-а айрым омурткасыз жаныбарлардын канындагы темирлүү кызгылт пигмент. Ал кычкылтекти өпкөдөн организмдин ткандарына, көмүр кычкыл газды ткандардан өпкөгө жеткирет. Гемоглобин кызыл кан клеткаларынын (эритроциттердин) кургак калдыгынын 94%ин түзөт. Ал өпкөдө кычкылтек м-н биригип, оксигемоглобинди пайда кылат. Кычкылтек м-н каныккан кан ачык кызыл түстө болот (артерия каны). Оксигемоглобин капиллярлар (майда кан тамырлар) аркылуу өткөндө Гемоглобинге ж-а кычкылтекке ажырап, кычкылтек тканга сиӊет. Бул учурда кан кочкул кызыл түскө өтөт (вена каны). Адамдын канында Гемоглобиндин саны туруктуу болот, орто эсеп м-н 13–16%; салмагы боюнча 78–96%; бирок кээ бир ооруларда өзгөрүшү мүмкүн. Канда анын азайышы, тамак-ашта витаминдер, минерал туздар жетишпегенде, кан ж-а рак ооруларында, кан көп кеткенде байкалат. Диагноз коюуда Гемоглобиндин санын аныктоо медициналык практикада кеӊири колдонулат.