ГЕМОДИАЛИЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:31, 21 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕМОДИА́ЛИЗ (гемо… ж-а гр. diаlysis – ажыроо, бөлүнүү) – бөйрөктүн катуу кармаган же өнөкөт начарлашында «жасалма бөйрөк» аппаратынын жардамы м-н дарылоо методу. Гемодиализ учурунда организм зат алмашуунун уу заттарынан арылат, бузулган суу-электролит теӊ салмактуулуктары нормага келет. Гемодиализде бир эле мезгилде кан агызылып, донордон алынган ошончо көлөмдөгү кан куюлат.