ГЕРМЕНЕВТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 22 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРМЕНЕ́ВТИКА (гр. hermeneutikе – түшүндүрүү, талкуулоо) – котормочулук, түшүндүрүүчүлүк өнөрү (Гермес байыркы грек мифологиясында кудай менен адамдардын ортосундагы ортомчу болгон), байыркы доордун, Библиянын жана башка эзелки классикалык тексттерди (көптөгөн символдорун, кыйытып, каймана айтылгандарды) талдап чечмелөө теориясы. Кайра жаралуу заманы калыптангандан тартып, антикалык маданий эстеликтерди заманбап маданияттын жандуу тилине которуу классикалык филологиянын өзгөчө өнөр тармагы катары карала баштаган. Герменевтика – түшүнүүнүн жана түшүндүрүүнүн окуусу. XIX кылымдан тартып рух жөнүндөгүү илимдин методологиясы болуп калды.