ГЕРЦЕН Александр Иванович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:40, 22 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ́РЦЕН Александр Иванович (25. 3. (6.4.). 1812, Москва – 9(21). 1. 1870, Париж) – жазуучу, философ ж-а публицист. Москва ун-тинин физика-математика ф-тин бүтүргөн (1833), анда рев-ялык ийримге жетекчилик кылган. 1834-ж. камакка алынып, 6 жыл сүргүндө болгон. Чыгармалары 1836-жылдан Искандер деген псевдоним м-н жарык көрө баштаган. 1842-жылдан Москвада жашап батышчылардын сол канатын

А. И. Герцен – Н. Н. Ге тарткан портрет. 1867.
Третьяков галереясы. Москва.

жетектеген. «Илимдеги дилетантизм» (1842–43), «Табиятты үйрөнүү жөнүндөгү каттар» (1844–45) ж. б. филос. эмгектеринде, «Ким айыптуу?» романында (1841–46), «Доктор Крупов» (1847), «Сааттуу сагызган» (1848) повесттеринде крепостнойлук турмушту катуу сындаган. 1847-жылдан эмиграцияда болгон. 1848-ж. Франциядагы рев-я жеӊилгенден кийин Батыштын рев-ячыл мүмкүнчүлүктөрүнөн көӊүлү калып, «орус социализми» теориясын иштеп чыгып, народничествону негиздөөчүлөрдүн бири болуп калган. Г. Лондондо Эркин орус басмаканасын негиздеген (1853). «Болгондор жана ойлор» (1852–68) деген автобиографиялык чыгармасы Г-дин көркөм чыг-лыгынын туу чокусу болгон. 1855-ж. «Полярная звезда» деген альманахты, 1857-ж. Ога- рёв м-н бирге орустун биринчи рев-ялык гезити «Колоколду» чыгарат. Бул гезит Россиядагы жеке бийликтин бетин ачып, рев-ялык үгүт жүргүзгөн, дыйкандарды жери м-н эркиндикке чыгарууну талап кылган. О. эле демокр. ж-а рев-ялык күчтөрдү баш коштурууда чоӊ роль ойногон. 1861-ж. реформаны даярдоо мезгилинде либералдык Н. Г. Чернышевский, Н. А. Добролюбов м-н талаш-тартышка чыккан. 1861-ж. чечкиндүү түрдө рев-ялык демократия тарабына өтүп, «Жер жана эркиндикти» түзүүгө жардам кылган, 1863–64-жылдардагы поляктардын көтөрүлүшүн колдоп чыккан. Өмүрүнүн акыркы жылдарында I Интернационалдын иши м-н жумушчу табынын күрөшүнө көӊүл бурган. Ал өзүнөн кийинки адабий сын ойлордун өнүгүшүнө, жалпы эле орус рев-ялык ой-пикиринин өсүшүнө таасирин тийгизген. Анын айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.