ГИЛЕЛЬC
ГИ́ЛЕЛЬC Эмиль Григорьевич [6 (19). 10. 1916‚ Одесса шаары – 14.10.1985, Москва шаары) – пианист, педагог. CCCР эл артистb (1954)‚ Cоциалисттик Эмгектин Баатыры (1976), CCCР мамлекеттик сыйлыгынын (1946)‚ Лениндик сыйлыктын (1962) лауреаты. XX кылымдын эң чоң пианисттеринин бири. 1935–1938-жылдары Одесса консерваториясын‚ 1938-жылы Москва консерваториясынын жогорку чеберчилик мектебин бүткөн. 1929-жылы пианист катары алгачкы концертин берген.

1938-жылдан Москва консерваториясында окутуучу‚ 1952-жылдан профессор. Гилельс Э. Г. – XX кылымдын эӊ мыкты пианисттеринен. Анын аткаруучулук өнөрү эмоциялуулугу‚ виртуоздуулугу менен айырмаланат. Ал пианисттердин эл аралык конкурстарынын жеӊүүчүсү (Вена‚ 1936‚ 2-сыйлык; Брюссель‚ 1938‚ 1-сыйлык.). Үч Ленин‚ башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.