ГЕНЕТИКАЛЫК ИНФОРМАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:11, 22 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕНЕТИКАЛЫК ИНФОРМА́ЦИЯ – укумдан тукумга берилүүчү тукум куума касиет. Организмди түзүүчү заттардын (белоктор ж-а нуклеин кислоталары) курамы, түзүлүшү ж-а зат алмашуу мүнөзү жөнүндө информация, ата-бабадан кийинки тукумга гендердин жыйындысы түрүндө өтөт. Генетикалык информация хромосомада дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНК) молекуласындагы нуклеотиддердин ырааттуу тизмеги түрүндө болот. Ал онтогенез учурунда ген белгилерин көрсөтөт. Жыныстык жол м-н көбөйүүчү организмдерде Генетикалык информация укумдан тукумга жыныс клеткалары – гамета, ал эми прокариот микроорганизмдерде Генетикалык информация өзгөчө типтеги трансдукция, трансформация аркылуу берилет.