ГЕНОЦИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 22 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕНОЦИ́Д (гр. gtnos – уруу, урук ж-а лат. Caedо – өлтүрөм) – улуттук, этностук, расалык же башка диний топтордун мүчөлөрүн толук же жарым жартылай жок кылууга багытталган кылмыштык аракеттер. Бул аракеттер өлтүрүү, ден соолугуна залал келтирүү, тукум курут кылуу максатында тукум улоосуна зомбулук м-н тоскоолдук кылуу (биологиялык Геноцид), балдарды ата-энесинен зордоп ажыратуу, жердеген жеринен күчкө салып көчүрүү, атайылап адам чыдагыс оор шарттарды түзүү ж. б. жолдор м-н жасалышы мүмкүн. Апартеиддин кээ бир актылары Геноцид болуп эсептелет. Геноцид эл аралык кылмыш катары таанылган. КРдин жазык мыйзамдарында тынччылыкка, коопсуздукка, адамзатка каршы жасалган кылмыш катары каралат.
К. Эсенканов.