ГЕНУЯ
ГЕ́НУЯ (Genova) – Түндүк Италиядагы шаар. Генуя булуӊунун жээгинде жайгашкан. Италиядагы ж-а Жер Ортолук деӊиздеги ири порттордун бири (2005-жылы 56,5 млн т жүк ташылган). Швейцария ж-а Түштүк Германиянын аванпорту. Генуя провинциясынын ж-а Лигурия облусунун административдик борбору. Калкы 584,0 миӊ (2018). Өлкөдөгү ири темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Х. Колумб атындагы эл аралык аэропорту бар. Шаар спутниктери м-н бирге «Чоӊ Генуя» агломерациясын түзөт. Специя порту м-н паром аркылуу байланышат. Металлургия, машина куруу, нефть ажыратуу, химия, жеӊил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1471), 10дон ашык илимий коомдор, ассоциациялар ж-а институттар, обсерватория, музейлер (анын ичинде Европадагы эӊ ири Чыгыш искусство коллекциясы; 1905), ушул шаарда туулган Х. Колумб, Н. Паганини, Ж. Мадзининин үй-музейлери, заманбап искусство ж-а Палаццо Россо, Бьянко, Реале галереялары, театрлар (анын ичинде «Атенео», «Карло Феличе»), консерватория ж. б. бар. Байыртадан лигурилердин тургун жайы. Роман стилиндеги Санта-Мария ди Кастелло чиркөөсү (11-кылым), роман-готика стилиндеги собор (11–16-кылымдар), 16–17-кылымдардын сарайлары, виллалары тектирчедеги парктары м-н шаар дубалдарынын калдыктары, дождор ак сарайы (учурда музей) сакталган. Генуядагы көптөгөн фонтандар ж-а эстеликтер

(Х. Колумб, Ж. Гарибальдинин) шаардын көркүнө көрк кошуп турат. Порт комплексинен батышта өнөр жай зонасы, чыгышта курорттор, түндүк-чыгышта 19-кылымдын курулуштары жайгашкан; туристтик реакрация зонасы шаардын деӊиз жак жээги м-н фуникулёр аркылуу байланышат. Эл аралык скрипачтар конкурсу («Премио Паганини», 1954-жылдан жыл сайын), калактуу кемелердин ж-а яхтсмендердин эл аралык жарышы (төрт жылда бир), Х. Колумбдун урматына майрамдар өткөрүлүп турат. Чоӊ Генуяга чыгыштан Чинкуэ-Терре табигый коругу (жер ортолук деӊиздик флора ж-а фауна, байыркы жасалма тектирчелердеги жүзүм) туташат, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.