ГЕОРГИНА
ГЕОРГИ́НА, д а л и я (Dahlia) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөптөр уруусу. Анын 15ке жакын жапайы түрү белгилүү. Георгинанын сабагы көӊдөй, борпоӊ, бийиктиги 35–200 см; жалбырагы канаттай же үчилтик канаттай, тамыры – түймөк, себетче топ гүлү жөнөкөй, тармал, чала тармал; формасы, чоӊдугу, түсү боюнча айырмаланат. Мексикада, Гватемалада, Түштүк жана Борбордук Америкада өсөт. Европада XVIII кылымдан эгиле баштаган. Эгилме Георгинанын 8 миӊден ашык сорту бар. Георгинанын калемчеси, уругу жана тамырынан өсүп чыгат. Күрдүү жана нымдуу топуракта жакшы өсөт. Өтө чоӊ гүл алыш үчүн 3 гана бутагы калтырылат, калган бутактары алынып ташталат. Кыргызстанда кооздук үчүн гүлзар, парк жана башка жерлерде өстүрүлөт.

