ГАНЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:02, 30 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАНЧ (түркчө гипс) – курамында топурак жана гипс аралаш, майдаланган таш сымал тоо текти бышыруу менен алынган ак, илээшкек материалдын аталышы. Ганчтын суу кошулган эритиндиси тез формага келет жана тез катат; сууланган Ганчты кесип алуу жеӊил жана ыӊгайлуу. Илгертеден эле шыбоо үчүн материал катары колдонулат. Оймолоп-чиймеленген кооз буюмдар алынат, скульптура жасалат.

Ганч оюусу, Өзбекстан.