ГАРВАРД УНИВЕРСИТЕТИ
ГА́РВАРД УННИВЕРСИТЕТИ - Америка Кошмо Штаттарындагы окуу жай. 1636-жылы коллеж катары Кембридж шаарында (Массачусетс штаты) уюшулган. 1639-жылдан Америкага эмиграцияга барган жана мүлкүнүн жарымын, китепканасын коллежге мураска калтырган англиялык министр, искусство бакалавры Ж. Гарварддын ысмында. XVIII кылымдын аягына чейин Гарвард университетинде Библия жана байыркы тилдер гана окутулган. Кийин жаӊы тилдер, математика окутула баштаган. XIX кылымдын 1-жарымында медицина (1810) жана укук (1817) факультеттери кошулгандан кийин коллеж университетке айланган. Университеттин өсүшүнө белгилүү педагог, университеттин президенти (1869–1909) Ч. Элиот чоӊ салым кошкон. Жалпы билим берүүчү коллежден башка, гуманитардык жана табигый илимдер, укук, медицина, саламаттык сактоо, дин илими, мамлекеттик башкаруу, педагогика факультеттери, колдонмо физика, инженердик бөлүмдөрү болгон. Университетте обсерватория, китепканалар, музейлер иштейт. Америка Кощмо Штаттарынын 7 президенти Гарвард университетин бүткөн. Учурда Кыргызстандан барып билим алып жаткан студенттер да бар.


