ГАРМОНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 30 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРМО́НИЯ (гр. harmonia – байланыш, ырааттуулук, шайкештик) а р х и т е к т у р а д а – курулуштун жеке бөлүктөрүнүн өз ара ылайыкташып, өлчөм катышы шайкеш келип, келишимдүү болушу. Архитектуралык Гармония ой-идея менен бирге жаралып, имараттын масштабдуулугун, элементтеринин ыргагын, жаратылыш менен байланыш композициясын түзөт. М у з ы к а д а – тондордун бир үндөшүүгө келүүсүнө жана үндөшүүнүн ладдын шартына карай катары менен жайгашуусуна байланышкан музыканын маанилүү каражаты. Гармонияда аккорддордун мааниси чоӊ; аккорддордун алмашуусу менен анын ладдык, гармониялык функциялары, ошондой эле үн өрчүтүү мыйзам ченемдери аныкталат. Гармония обонго шайкеш келүү менен аны байытып, угумдуулугун арттырат. Гармония элементтери, айрыкча каденциялар жана модуляциялар, музыкалык форманы түзүүдө маанилүү роль ойнойт.

Ричард Мейер: архитектурадагы геометриялык гармония.
Музыкадагы гармония