ГОГЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОГЕ́Н Поль Эжен Анри (7. 6. 1848, Париж – 8. 5. 1903, Маркиз аралдары, Атуона шаары, Франция) – француз живописчи, скульптор-керамист, график. 1870-жылдан өз алдынча сүрөт тарта баштаган. Гогендин чыгармачылыгынын адепки мезгили импрессионизм менен байланышкан. Кийинчерээк элдик чыгармаларга, Байыркы Грекиянын, Байыркы Чыгыштын жана орто кылым искусствосуна кызыгат. Жалпыланган образдардын, кубулуштардын сырдуу маанисин издөө («Үгүт-насыяттан кийинки көрүнүш», 1888; «Сары Христос», 1889) Гогендин программасын символизм менен жакындаштырып, ал жана ага кошулган сүрөтчүлөр жаӊы сүрөт системасын түзгөн, көбүнчө форманы жалпылаштырууга жана жөнөкөйлөштүрүүгө («Арлдеги кафе», 1888) көӊүл бурган.

Гоген Поль Эжен Анри.Таити, 1891-жыл,«Гүл кармаган аял».
Гоген. Автопортрет. 1893–1894.

.Поль Эжен Анри Гогендин сүрөт системасы Таити аралында (Океания) тарткан чыгармаларында андан ары өнүгөт («Таитилик пасторалдар», 1892; «Кечмелик», 1901). П. Гогендин чыгармаларындагы түстүн эмоциялык жактан каныккандыгы, декорациялык жана монументтик негиздердин айкалышы, образдардын маанилүүлүгү XX кылымдын башталышындагы көптөгөн сүрөтчүлөрдүн изденүүлөрүнө багыт берген. П. Гоген скульптура, графика, карапа тармактарында да эмгектенген.
Ад.: Кантор-Гуковская А. С. Поль Гоген. Жизнь и творчество. Л.; М., 1965; Даниельсон Б. Гоген в Полинезии. М.; Л., 1969.


Поль Гогендин «Баарлашуу» аттуу картинасы, 1891-жыл, Мамлекеттик Эрмитаж, Санкт-Петербург.