БИРИНЧИ ИМПЕРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:16, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ ИМПЕ́РИЯ – Францияда Консулдук башкаруудан (1799–1804) кийинки Наполеон I башкарган (1804–14 жана 1815) ири мамлекет. Консулдук режимдей эле Биринчи империя мезгилинде империялык бийлик Француз революциясынын жеӊип алууларын жойгонго аракеттенген, бирок анын натыйжасында пайда болгон буржазиялык түзүлүштү бекемдеп, аскердик диктатураны орноткон. Биринчи империя кыйрагандан кийин Францияда Бурбондордун монархиясы калыбына келтирилген.