БИРИНЧИ МАЙ (Бакай-Ата районундагы кыштак)
БИРИНЧИ МАЙ – Талас облусунун Бакай-Ата районундагы кыштак. Орос айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Бакай-Ата кыштагынан 28 км түндүк.-батыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен 80 км. Деӊиз деӊг. 1027 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1928-ж. негизделген. Калкы 2452 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана бар.