ВЕРИФИКАЦИЯ
ВЕРИФИКА́ЦИЯ (лат. verus – анык, facio – жасоо) – илимдин жоболорун атайын байкоо объектилеринин, сезим маалыматтарынын жардамы м-н эксперименттеп салыштыруу, эмпириялык жол м-н териштирип текшерүү аркылуу теориялык жоболордун акыйкаттуулугун тастыктоо үчүн эпистемологияда, логикада ж-а илимдер методологиясында колдонулуп келаткан ыкма.